Жергиликтүү кеңештерде мандат канча турат? (видео)

897

Эл аралык республикалык институту Кыргызстандыктар арасында сурамжылоо жүргүзүп, жергиликтүү кеңештерге шайлоо маалында элге кандай убадаларды берсе, колдоо табаарын иликтеп көргөн. Бул маалымат талапкерлер үчүн пайдалуу болсо керек. Жарандар жол маселесин, медицина тармагындагы жана мектепке байланыштуу көйгөйлөрдүн тезирек чечилишин каалашат.

Андыктан, алдыдагы шайлоодо кандидаттар ушул маселелерге басым жасаса, добуш берүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратышы мүмкүн. Сурамжылоого катышкандардын 51 пайызы жолдордун сапаты жакшырса деген тилегин айткан. Ал эми 37 пайызы талапкерлер жер-жерлердеги медициналык мекемелердин ишине көңүл бурса дешет. Калгандары мектеп, бала-бакчалардын көйгөйүн чечкен кандидаттарды колдоорун билдиришкен. Алдыдагы шайлоодо беш шаарда 169 мандат үчүн ат салышуу болот. Ош шаарында 45 мандат, калган төрт калаадагы кеңештерде 31 мандаттан бар.