Жергиликтүү шайлоодогу терс көрүнүштөр иликтениш керек (видео)

1406

Президент Кара-Суу шаарында шайлоо учурунда болгон терс көрүнүштөрдү иликтеп, мыйзам чегинде чара көрүүнү тапшырды. Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында президенттик шайлоого даярдыктар тууралуу маселе талкууланды. Анда Боршайкомдун төрайымы менен вице-премьер-министр баяндама жасашты. Отурумдун негизги бөлүгү жабык эшик артында өттү. Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаковдун айтымында, жыйындын соңунда президенттик шайлоону таза өткөрүү, административдик ресурсту колдонууга жол бербөө сыяктуу чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле, тартип сактоо органдарына Кара-Суу шаарында 3-сентябрда болгон окуяны калыс иликтөө тапшырмасы берилген.