Жерүй алтын кени тууралуу фактылар (видео)

900

Саясатчылар биринин былыгын экинчиси чукуп жатып, элге көп нерсе ачыкталат окшойт. Парламенттик шайлоону утурлай, саясий өнөктүккө катышуу дымагы күч, бирок чөнтөгүндө акчасы жок айрым топтор чет элден келген инвесторлорго кыр көрсөтүп, акча өндүрүүнүн амалын издегенге киришти.

Талас областында айрым жарандык активисттер Жерүйгө каршы митинг уюштурууну пландап жатышкан. Анда кенди казууга лицензия алган «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан социалдык долбоорлорго деп бөлүнгөн каражатты жергиликтүү бийлик кандай сарптап жатканы боюнча маалымат алуу пландалган.

Бирок ортодо «тарп издеген жорудай» болгон саясатчылар жеңил жол менен олжолуу болууну көздөп, өздөрүнүн шайтан оюндарын баштаган. Алар элдин атынан сүйлөмүш болуп, отко май чачып абалды курчутуп, анан инвестордон акча өнөөнү көздөптүр. Мындай топтордун сасык оюндары тууралуу планы жарандык активисттерге жеткенде, алар митинг уюштуруу ниетинен баш тартышты.

Жерүй кени өлкөдөгү Кумтөрдөн кийинки эле объект. Аны иштетүү укугуна «Альянс Алтын» ишканасы ээлик кылып, лицензияны алганда эле өлкө бюджетине 100 миллион доллар которушкан. Бул гана эмес, Визор холдинг компаниясы сот аркылуу Кыргызстандан талап кылган 580 миллион долларды дагы төлөө милдетин алып, биздин өкмоттү бир карыздан кутулткан.

Андан тышкары, 4 жылдын ичинде социалдык долбоорлорго эле 450 миллион сом которгон, Талас областынын 700 тургуну иш менен камсыздалды. Бирок экономикалык долбоорду саясатташтырууну көздөгөндөр өзүбүздүн эле ичибизден чыга баштады.