Жерүй кени боюнча жыйын (видео)

4658

Жерүй алтын кени боюнча өткөн сынактын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү мүмкүн. Мындай чечим Талас шаарында өткөн жыйында кабыл алынды.

Ага жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү жана «Жерүй» кенин иштеткен «Алтын-Альянс» компаниясынын жетекчилиги да катышты. Ошондой эле, резолюцияда Башкы прокуратурага бардык алтын кендер боюнча өткөн сынактардын мыйзамдуулугун текшерүү талабы да көрсөтүлдү.