Жерүй кенинин эсебинен оңдолгон соц.объекттер (видео)

1220

«Жер үй» кенин иштетүүдөн акыркы беш жылда «Бакубат Талас» фондуна 750 миллион сомдой которулган. Каражаттын теңинен көбү үстөгү 8 пайыз менен дыйкандарга, орто жана чакан бизнес менен алектенгендерге насыя катары берилген.

Жалпы сумманын 40 пайыздай болсо Таластагы социалдык мекемелердин имаратын оңдоого жумшалды. Былтыр «Бакубат Талас» фонду 90 миллион сомдук 110 долбоорду каржылаган. 73 ийгиликтүү иштеп жатса, калганы жүзөгө ашууда.