Жерүйдө иштеген кызматкерлердин коопсуздугу корголгонбу? (видео)

4719

Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы алтынды жер алдынан казуу аркылуу өндүрүү ыкмасына өтүүгө камынууда. Буга жол берген документтин долбоору учурда даярдалып жатыптыр. Алгачкы жумуштар эки жылдан кийин башталышы ыктымал.

Аталган ишкана жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн экологиялык төлөм катары 24 миллион сомдон ашык каражат болгон. Ошондой эле, рекультивациялык фондго которулган жалпы каражат 30 миллион сомго чукулдаган. Жерүй кениндеги экология жана кызматкерлердин коопсуздугу канчалык денгээлде корголгон?