Жерүйдө өндүрүлгөн алтын (видео)

2915

Акыркы он айда Таласта жайгашкан Жерүй кени өлкө казынасына жана жергиликтүү бюжетке 4 миллиард сомдой каражат которгон. Мунун 2 миллиардка жакыны таза алтынды сатуудан түшкөн. Кен ишке киргизилгенден бери 3 тоннага чукул алтын өндүрүлгөн.

Комбинат ишин кеч баштаганы менен жылдык көрсөткүчтү ийгиликтүү жыйынтыктап жатат, — дейт кызматкерлери. Учурда Жерүй кенинде жумуш 24 саат бою тынымсыз жүрүүдө. Кызматкерлер эки нөөмөт менен иштеп жатышат.