Жерүйдө өзгөчө техникалар иштеп жатабы? (видео)

2507

Жерүй алтын кенинде жылына 1 миллион 300 миң тонна руда иштетилип, 10 жылда 60 тонна алтын бөлүп алуу пландалууда. Учурда алтын ылгоочу комбинатты долбоорлук кубаттуулукка толук кандуу чыгаруу аракети жүрүүдө.

Ишканага буга чейин өлкөнүн башка кендеринде, ошондой эле тиешелүү тармак боюнча чет мамлекеттерде иштеп, тажрыйба топтоп келген адистер тартылган. Ошондой эле жергиликтүүлөр да атайын даярдыктан өткөрүлүптүр.