Жерүйгө байланыштуу митинг болбойт (видео)

587

Жерүйгө байланыштуу митинг болбой калды. Бул тууралуу Элдик жыйналышты уюштуруп жаткан жарандык активисттер билдиришти. Алардын айтымында, бул иш-чараны өзүнүн кызыкчылыгына колдонгусу келген саясий күчтөр ыплас аракеттерин баштаган.

Алар митингди шылтоо кылып, алтын кенин иштеткен инвесторлорго сес көрсөтүп, акча өндүрүү максатында соодалашууга барышкан. Ошондой эле, нааразычылык акциясына жамынып, өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир этүү максатын көздөшкөн.