Жетекчилердин киреше-чыгаша булактары текшерилет (видео)

1929

Укук коргоо, көзөмөл органдарында жана сот тармагында иштегендердин киреше-чыгашалары өзгөчө текшерүүгө алынат. Мындай чечим кечээ Коопсуздук кеңешинин отурумунда кабыл алынды. Коррупцияга каршы күрөштү күчотүү максатында мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз жол менен тапкан акчасын сарптай албагандай шарт түзүү каралууда. Бул үчүн бир нече мыйзамдар кабыл алынмай болду. Ага ылайык, жогоруда аталган органдардын кызматкерлери мал-мүлкүн, киреше-чыгашасын, анын ичинде банктык эсептеринен бери текшерүүгө уруксат берүүгө милдеттендирилет. Бул аркылуу тапкан акчасы менен сарптаганы дал келип жатабы иликтенет. Бирок ошол текшерген органдар өздөрү коррупцияга малынып, маалыматтар жашырылбайбы деген суроо жаралат.