Жети-Өгүз: кар көчкү алдында калган кишинин жансыз денеси табылды

935

Бүгүн түштө Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда кар көчкү алдында калган кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, аны издөө иштерине мекеменин 52 куткаруучусу жана жергиликтүү 50 тургун тартылган болчу.

Эске салсак, 21-январь күнү кечки саат бештер чамасында аймактагы Как-Жайык жайлоосунун Телти деп аталган жеринде кар көчкү жүрүп, анда мергенчилик кылып жүргөн 3 адамды кар көчкү басып калган. Алардын экөө аман-эсен куткарылып, бирок үчүнчүсү табылбай жаткан.

Маалыматтарга караганда, кар көчкү түшкөн аймакта уюлдук байланыш жок болгондуктан кырсык тууралуу кабар министрликтин аймактык башкармалыгына кеч жеткен. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 155 миң чарчы метрди түзгөн.