Жети-Өгүз районунда кар көчкү алдында калган адам изделүүдө

1497

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга караганда, кырсык 21-январь күнү саат 17:00 чамасында, аймактагы Как-Жайык жайлоосунун Телти деп аталган жеринде болгон.

Анда 3 адам отун чогултуп жүргөндө аларды кар көчкү басып калган. 2 адам аман-эсен куткарылып, үчүнчүсү табылбай жатат. Учурда аймакта тиешелүү мекеменин куткаруучу тобу издөө иштерин жүргүзүп жатат. Аларга жакынкы айылдын 30дай тургуну көмөк көрсөтүп жатканы белгилүү болду.

Маалыматтарга караганда, кар көчкү түшкөн аймакта уюлдук байланыш жок болгондуктан кырсык тууралуу кабар министрликтин аймактык башкармалыгына кеч жеткен. Азырынча көчкүнүн көлөмү тактала элек.