Жетим балдар жана жакырлар үчүн социалдык шаарчанын пайдубалы түптөлдү

1897

Чүй облусуна караштуу Москва районуна караштуу Александровка айыл аймагынын Крупская  айылында жетим балдар жана жакырлар үчүн социалдык шаарчанын пайдубалы куюлду.  Курула турган тамдар айылдын 28 жетим балдарга, жесир энелерге акысыз берилмекчи.

Социалдык  шаарча 1 гектар 3 сотых аянтты ээлеп, бардык шарттар эске алынган кичи футболдук аянтча, мугалимдер жана окуучулуарга үчүн бөлмө, бөбөктөр ойноочу аянтча да курулат. Бул социалдык шаарча  “ИСАР” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда.

Аталган иш чарага Жергиликтүү айылдын бийлик органдары — Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Ниязбек Козуев,  “ИСАР” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Кувейт мамлекетинин муниципалдык кеңешинин 2-замминистри Ахмед Алхазим, Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Кайназаров,  жергиликтүү тургундар катышты. Социалдык шаарча июнь айында толук курулуп бүтөт деп пландалууда.