Жеткинчек баатырдын үй-бүлөсү үйсүз калды (видео)

4121

Өз өмүрүн тобокелге салып, бир туугандарын өрт кырсыгынан сактап калган кичинекей куткаруучу. Учурда Бишкек шаарындагы мектептердин биринде билим алган 3-класстын окуучусу Нурмухаммед Жумабеков өзү теңдүүлөр арасында баатыр аталууда. Ал 24-сентябрь күнү Кызыл-Аскер районундагы турак жайлардын биринен чыккан өрттөн 3 инисин аман алып калган.

Бирок алар жашаган там толугу менен күлгө айлангандыктан, турак-жайсыз калышты. Учурда Нурмухаммед бир туугандары жана ата-энеси менен тайэжесиникинде убактылуу баш калкалашууда. Мындан улам жеткинчек жана анын жакындары коомчулуктун колдоосуна муктаж болуп турган учуру.