«Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү Бишкекте (видео)

891

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү ачылды. Бул өзгөчөлөнгөн иш-чара 5-апрелден 28-апрелге чейин өтүп, ага Улуу жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин өкүлдөрү катышышат.

Көргөзмөнүн башкы максаты — көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн байытып, Жибек жолунун тарыхын уникалдуу интерактивдүү жол менен тааныштыруу. Маданий иш-чаранын расмий ачылышына экс-президент Роза Отунбева жана көргөзмөгө катышып жаткан 14 мамлекеттин элчилигинин өкүлдөрү келишти.