Жигиталы Жумалиев: «Кыргызстанда органикалык стандартты иштеп чыгуу аракети көрүлүүдө»

1294

Жыл сайын айыл чарба азыктарын себүү үчүн аянттар кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери билдиришти.

Айтымдарында учурда айыл чарба жүргүзүүнүн салттуу жолунан органикалыкка өтүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул өндүрүмдөрдү экспорттоодо абдан маанилүү дешет алар. Ал үчүн учурда өлкө ичинде органикалык стандартты иштеп чыгуу аракети көрүлүп жатыптыр. Жер иштетүү, урук жана органикалык айыл чарба азыктары бөлүмүнүн жетекчиси Жигиталы Жумалиев билдиргендей, органикалык жер иштетүү – бул мал жана өсүмдүктөр азыктарын кайра иштетүү өндүрүшү.

Айтымында, Ата Мекендик азыктардын негизги бөлүгүн жеке ишкерлер чыгарышат, бирок алардын бардыгы эле агрардык учурларды биле беришпейт. Эгерде аталган багытта иш алып барылса, анда өлкө атаандаштыкка туруктуш бере алат дейт ал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.