Жихадчылар кайрадан Сириянын Абу-Кемал шаарын басып алышты

779

«Ислам мамлекети» тобунун экстремисттери Сириянын Дейр-Зор провинциясындагы стратегиялык Абу-Кемал шаарына кайрадан өздөрүнүн көзөмөлүн орнотушту. Жекшембиде алар андагы Сирия армиясынын аскерлеринин позицияларын ээлеп алышты. Бул тууралуу кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктарына байкоо салган борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, Сириянын өкмөттүк күчтөрү исламчылардын кысымына туруштук бере албай, Абу-Кемалдан артка чегинишкен. Учурда шаардын айланасында өз позицияларын кайтаруу аракетин көрүп жаткан Сирия аскерлери менен жоочулар ортосунда айгышкан күрөш жүрүп жатканы кабарланууда.

Бейшембиде союздаштары колдоп жаткан Сирия армиясынын аскерлери ИМдин Абу-Кемалдагы коргонуусун бузуп кирип, жихадчылардын өлкө аймагындагы акыркы ири таянычы эсептелген шаар бошотулганын билдиришкен. Андан соң алар шаарды террорчулардан тазалай башташкан. Согуш жүрүп жаткан аймактагы өз булактар кабарлашкандай, Сириянын өкмөттүк күчтөрү ирак аскерлери менен чек арада жолугушкандан кийин ИМ жоочуларын курчоого алышкан.