ЖК: Адахан Мадумаровдун аракетине укуктук баа берилсин (видео)

745

Башкы прокуратура коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаровдун аракетине укуктук баа бериши керек. Мындай чечимди парламенттин тармактык комитети кабыл алды. Эл аралык иштер боюнча комитет чек арадагы азыркы абалды жана 10 жыл мурда Адахан Мадумаров кол койгон протокол тууралуу маселени карашты. Бирок отурум жабык эшик артында өттү.

Депутаттардын айтымында, Баткендеги акыркы окуяга 2009-жылы коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол себеп болду. Эми бул документти жокко чыгаруу боюнча Юстиция министрлигине тапшырма берилди.