ЖК биринчи вице-премьерликке Шадиевдин талапкерлигин колдоду

677

Жогорку Кеңеш биринчи вице-премьер-министрлик кызматка депутат Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды. Бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралып, анын талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков сунуш кылды. Шадиевдин талапкерлигин кечээ Жогорку Кеңештеги тармактык комитет жактырган болчу.

Эске салсак, бул кызматка парламент мүчөсү дайындалса, Баш мыйзамдын 1-декабрда күчүнө кирген 72-беренесине ылайык, ал депутаттык мандатын жана добуш берүү укугун сактап калат. Аскарбек Шадиев буга чейин энергетика министри, Баткен областынын губернатору кызматтарында иштеген.