ЖК депутаттары бир айлык маяналарын дарыгерлерди колдоо үчүн бөлөт

3233

Жогорку Кеңештин бардык депутаттары бир айлык маяналарын дарыгерлерди колдоо үчүн бөлө турган болушту. Мындай чечим парламенттин отурумунда белгилүү болду.

Ошондой эле, «Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жолдогон кайрылуусунда билдирген.

Ал акчанын 3 миллиону Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине түшүп, ал дарыгерлерди колдоого жумшала турган болсо, калган 2 миллион сом 2000 пенсионерлерге 1 000 сомдон дары-дармектери үчүн которулат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.