ЖК депутаттары: Кытайга виза алуу маселеси калыбына келбей жатат

835

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Кытай өлкөлөрүнүн ортосунда виза маселеси калыбына келбей жатканы нааразычылыктарды жаратты. Айрым депутаттардын айтымында, бул боюнча абал начарлап кетишине Тышкы иштер министрлигинин чабал иштеп жатканы себеп болууда.

Эске салсак, 2 жыл мурда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон. Элчиликтин өкүлдөрү жапа чеккен эмес. Бул окуядан кийин расмий Пекин кыргызстандыктарга виза берүүнү бир кыйла татаалдаштырып салган.

Бул көрүнүштөн көбүнесе кошуна өлкөдө билим алган кыргызстандык студенттер менен Кытайга каттаган ишкерлер жапа чегишүүдө.