ЖК депутаттары прокурорлорду текшерип чыгышат (видео)

704

Прокуратуранын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлөт. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин айтымында, көзөмөл органдарынын жалпы иши, анын ичинде өлүм менен коштолгон окуялар кызматтардан которууга байланыштуу нааразычылыктар көбөйүп жатат. Андыктан парламенттин эки тармактык комитети биригип жумушчу топ түзгөнү жатат. Депутаттар мыйзамдуулукту көзөмөлдөй турган мекемедеги коомчулукту нааразы кылган жагдайларды иликтеп чыгууну көздөп жатышат.

10 күн мурда Баткенде бир нече прокурор аңчылыкка чыгып, анын аягы бирөөнүн өлүмү менен аяктаган. Ал эми 3 жыл мурда ошол эле Баткендин Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев да аңчылык жаңжалына кабылып, атылган тоо теке менен түшкөн сүрөтү үчүн кызматынан бошотулган.