ЖК депутаты: «Орчундуу маселелерди алып чыгууда парламент алсыз болууда»

786

Өлкөдөгү орчундуу маселелерди алып чыгууда парламент алсыз болуп жатат. Депутат Аида Касымалиева Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал боюнча нараазычылыктар интернет колдонуучулары же журналисттер тарабынан айтылып, ал эми Жогорку Кеңеш коомчулук чуу чыгарганда гана реакция кылып жатат деп сындады.

Буга уран маселеси мисал боло алат. Качан гана эл көтөрүлүп уран кенин иштетүүгө каршы пикирин билдирип, митингдер өтүп, бул маселе жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан байма-бай көрсөтүлө баштаганда гана парламентарийлер мыйзам долбоорун кабыл алууну демилгелеп чыгышкан.

Ошондой эле, өлкөдөгү көмүскө экономиканы чагылдырып, салыктан буйтаган ишкерлерди чагылдырган журналист Ыдырыс Исаков боюнча сөз козголду. Аида Касымалиеванын айтымында, Ош шаарындагы ишкер Жалил Атамбаевдин 50 миллион сомдук доо арызын кайтарып алганы бул ишке чекит койгон жок. Бул коррупция менен күрөшүүдөгү жеңиш эмес дейт, эл өкүлү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.