ЖК: Жарандардын сотторго кайрылуусуна шарттар түзүлбөй жатат (видео)

589

Жарандардын сотторго кайрылуусуна ылайыктуу шарттар түзүлбөй жатат. Себеби өз укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылгандардан алынчу төлөмдөр өтө жогору, дешет депутаттар. Алар өкмөттөн бул маселени тез арада чечүүнү талап кылып жатышат.

Андан тышкары, аткаруу бийлигинин түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштар да Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды. Эл өкүлдөрү соңку жылдары балдардын укуктары бузулуп, алар зомбулуктун курмандыгы болуп жатканын айтышып, атайын мекеме түзүүнү сунуш кылышты.