ЖК: Жаз мезгилине азыртадан тарта кызуу даярдыктарды көрүп баштоо зарыл

2206

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жазга даярдыктары боюнча маалыматын угуу үчүн «парламенттик күн» өткөрүү керек. Мындай сунуш бүгүн бир топ депутаттар тарабынан айтылды. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, жаз мезгилине азыртадан тарта кызуу даярдыктарды көрүп баштоо зарыл.

Эске салсак, былтыр өлкөдө бир топ табигый кырсыктар катталып, алардын бир канчасы адам өлүмү менен коштолгон. Мисалы, 5 ай аралыгында эле өлкөдө 160ка жакын жер көчкү жүрүп, алардын кесепетинен 34 адам каза тапкан.

Андыктан депутаттар кырсыктардын алдын алып, былтыркы окуялардан кандай жыйынтыктар жасалганын жана учурда кандай даярдыктар жүрүп жатканын угуу керек, дешүүдө.

Адистердин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 5 миңден ашуун адам жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап келет.