ЖК комитети башкы прокурорду кызматтан алуу жөнүндө сунушту колдоду

855

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча парламентке кайрылды. Бул маселени Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери боюнча комитети жабык эшик артында карап, депутаттардын көпчүлүк добушу менен өлкө башчысынын өтүнүчү колдоо тапты.

Эскерте кетсек, өткөн жумада парламенттеги «Ата Мекен» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылкы ишин «канааттандырарлык эмес» деп тапкан. Конституциянын 64-беренесине ылайык, президент Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин чечими менен башкы прокурорду дайындайт же кызматтан бошотот.

Эми бул маселе эртең парламенттин жалпы отурумунда каралат. Индира Жолдубаеваны кызматтан алууга сунуш берүүгө жөнөкөй жарандардын укуктары бузулган фактылар көбөйүп жатканы себеп болгон. Прокуратура көзөмөл органдан элдин укугун бузуп, эркинен ажыраткан мекемеге айланып кеткени айтылат. Кырдаалды өзгөртүү үчүн Жолдубаева тарабынан эч нерсе жасалган эмес.

Прокуратура органдарынын кемчиликтери Коопсуздук кеңешинде президент тарабынан кескин сынга алынса дагы, ал отурумдан кийин мүчүлүштүктөрдү жоюу аракети көрүлбөй, коомчулуктун ишениминен кете баштады, деп айтылат өлкө жетекчисинин сунуштамасында.