ЖК: кредиттердин 85% максатсыз пайдаланылган (видео)

2111

Кыргызстан 26 жыл аралыгында 10 миллиард доллардан ашык кредит алса, анын 85 пайызы максатсыз колдонулган. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинде түзүлгөн жумушчу топ бир жылга созулган иликтөөсүн аяктады.

Отчетко ылайык, тыштан кирген акчалардын басымдуу бөлүгү 3 тармакка багытталганы менен каражаттар ар кандай себептер менен кайры тышка чыгып турган. Өткөн аптада Дүйнөлүк банк да өз иликтөөсүн жарыялап, анда «акчасы тышка аккан» өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды да кошкон.