ЖК: Күч органдарынын кызматкерлери «Мегакомдун» директорун коркутууда

625

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутаттар айтып чыгышты. Парламенттин жалпы жыйынында чуу жараткан «КТ Мобайл» тууралуу маселе кайрадан көтөрүлдү.

Эл өкүлдөрү «Мегакомдун» директору Акылбек Жамангуловду коркутуулар аталган ишканага байланыштуу мыйзамсыз фактыларды ачыктагандан бери болуп жатканын билдиришти. Өткөн жумада «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, иликтөөнү баштаган.

«КТ Мобайл» компаниясы боюнча комиссиянын отуруму өтүп, анда «Мегаком» компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан. Ал эми Рысалиев бул маалыматты четке каккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.