ЖК референдум дайындоо боюнча мыйзамды 1-окууда кабыл алды (видео)

1032

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Ал документ ишке кирип калса, 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо менен кошо жалпы элдик добуш берүү да өтөт.

Жыйында документ бир топ талаш-тартышты жаратты. Айрымдары мыйзам долбоору талаптарды бузуу менен добуш берүүгө коюлду десе, буга жооп кайтаргандар өз пикирлерин билдирип, кайым айтышуулар болуп кетти. Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясында президенттик шайлоого даярдыктар кызуу жүрүп, кол тамгалар саналууда.