ЖК: Токмокто аткезчилик жол менен ташылган күйүүчү май ачык сатылууда

1030

Маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Парламентарийлер Токмок шаарынын көчөлөрүндө, ага жакын жердеги айылдарда контрабанда жолу менен келген күйүүчү май ачык эле сатылып жатканына карабастан, ага каршы эч ким чара көрбөгөнүн айтышууда.

Андыктан бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү зарылчылыгы бар, дешет эл өкүлдөрү. Кыргызстанга келген күйүүчү майдын 25 % мыйзамсыз жол менен ташылып келгенин Экономика министрлиги деле мойнуна алган. Анын айынан өлкө бюджети ири чыгымга учуроодо.

Эл өкүлдөрү мындай жагдайдын жаралышына бардык чек ара кызматкерлери эмес, андагы айрым топтордун аракети себеп болуп жатканын айтышууда. Ошондуктан өкмөт парламенттин жыйынында бул маселе боюнча маалымат бериши керек, дешет депутаттар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.