ЖК төрагалары эмнеси менен элдин эсинде калды? (видео)

757

Өлкө эгемендүүлүгүн алгандан бери парламенттин 17-чи төрагасы шайланды. Спикерлерди бат-баттан алмаштыруу Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынан кийин башталды. Соңку 11 жыл ичинде парламенттин жетекчиси сегиз жолу алмашты. Алардын ар бири өзүнүн жоруктары менен көпчүлүктүн эсинде калды. Арасында катаал башкаруучу болгусу келгендер, балык спикер атка конгондор, орус тилинде сүйлөй албай котормочу колдонгондору да бар. Ошондой эле, төрагалардын ичинен бешөө гана өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Калгандарынын отставкасы ар кандай жаңжалдарга байланыштуу болду. Мындан тышкары, спикерлердин арасынан экөө өткөрүлдү.