ЖК төрагалыгына Дастан Жумабековдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү

777

Чыныбай Турсунбеков отставкага кетээрин жарыялагандан кийин эле төрагалык кызматка 3 депутат сунушталып жатканы белгилүү болду. Алар «Бир Бол» фракциясынан Аскарбек Шадиев, КСДПдан Иса Өмүркулов жана «Кыргызстан» фракциясынан Дастан Жумабеков.

Көп өтпөй, Шадиев менен Өмүркулов өздөрүнүн талапкерликтерин чакыртып алгандары айтылды. Саат 12ге жетпей, коалициялык көпчүлүктүн отуруму жана парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук тартиби жана регламент комитетинин отуруму болуп өтүп, анда Дастан Жумабековдун талапкерлиги жактырылды.