ЖК төрагасы ишти Ак үйдүн тосмосун алуудан баштайт (видео)

3867

Парламентте спикер алмашты. Жогорку Кеңешти 22 күн башкарган Канат Исаев президенттик шайлоого катышарын билдирип, отставкага кетип, анын ордуна жаңы төрага отурду. Ал 2010-жылдан берки депутат Талант Мамытов. Анын талапкерлигин «Республика-Ата Журт» фракциясы сунуштап, депутаттар аны дээрлик бир добуштан колдошту.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы катары биринчи ишти Ак үйдүн тосмосун алып салуудан баштамай болду. Ал эми айрым эл өкүлдөрү өрттөнгөн имаратты 3 партиянын эсебинен оңдоону сунушташты. Мындай демилге акыйнек айтышууга алып келди.