ЖК жергиликтүү кеңештеги интригаларды тыя алабы? (видео)

838

Мэрди же айыл өкмөт башчыларын тандоодо бир пикирге келе албай, жергиликтүү кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркатылышына себепчи болгон депутаттарды кайра шайлоого катыштырбоо керек. Ошондой эле ал эл өкүлдөрүнө бардык материалдык чыгымдарды төлөтүү зарыл. Мындай сунуштар бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде айтылды. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр каралды. Өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында да, жергиликтүү эл аталган документтеги шарттардын катаалдашына макул. Себеби 3-4 адамдын саясий оюндарынан аймактагы иштер үзгүлтүккө учурап жатат. Ошондой эле, бул тармакка тиешелүү бардык документтерди ирээтке келтирүү сунушталды.