ЖККУ коопсуздук кеңешинин катчылары чогулду (видео)

557

Жааматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчө мамлекеттеринин аймагында террористик активдүүлүккө бөгөт коюу үчүн ишке ашырылып жаткан «Наемник» операциясы белгисиз мөөнөткө чейин уланталат. Бул тууралуу аталган уюмдун Коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйынында айтылды.

Анда негизинен эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы туруунун кошумча чаралары талкууланды. Иш-чарада бир катар документтерге кол коюлуп, анын эң маанилүүсү Тажикстан менен Афганистандын чек арасындагы чыңалууну төмөндөтүүгө багытталган документ болуп калды.