ЖКнын өрттөн кийинки абалы. Тендерге байланыштуу чыр (видео)

1663

Ак үйдүн имаратын оңдоп-түзөө иштери бир айдан кийин толугу менен аягына чыгат. Парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Маратбек Мамат-азимовдун билдирүүсүнө караганда, октябрь окуясынан кийин мекемеге канча чыгым келтирилгенин эсептеп жаткан атайын комиссия ишин 19-декабрга чейин аяктайт. Ал арада Жогорку Кеңеш программалык камсыздоо, компьютер жана антивирус алуу үчүн 15 миллион 200 миң сомго тендер жарыялады.

Анын 11 миллион сомдон ашыгы эле депутаттарга ноутбук алууга чыгымдалат экен. Мындай кабарга нааразы болгондор мугалимдер менен эл өкүлдөрүнүн айлык маянасын салыштырып, парламентарийлер гаджетти өз эсебинен алышы керек деген пикирлерин айтышууда.