Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны (видео)

590

Интеграцияны жакшыртуунун стратегиялык багыттарын аныктоо жана Биримдиктеги тоскоолдуктарды жоюу. Арменияда ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны болду. Анда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков альянстагы бир катар маселелерге токтолду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Биримдиктеги айрым алешемдиктердин кесепетинен ЕАЭБдин ичиндеги соода алакаларга доо кетип жатканын белгиледи. Ошондой эле, ачыктык жана обьективдүүлүк үчүн бажы көзөмөл пункттарына «үч баскычтуу текшерүү» киргизүү зарылдыгын да айтты.