Жогорку Кеңеш 9-класстан соң эмнени мажбурлаганы турат? (видео)

1059

Эми мектеп окуучулары 9-классты аяктаган соң, билим алууну улантууга милдеттендирилиши мүмкүн. Мындай шарт камтылган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленүүдө. Авторлордун пикиринде, муну менен улан-кыздардын жумушка орношуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле, өспүрүмдөрдүн кылмыштуу чөйрөгө аралашуусуна бөгөт коюлаары айтылууда. Бирок бул демилге боюнча адистердин пикирлери бирдей эмес. Бири мындай негиздемеге макул болбой, бул маселеде ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл дешет. Башкалары болсо, тескерисинче сунушталып жаткан документти тезинен ишке ашыруу керектигин айтышууда.