Жогорку Кеңеш Асылбек уулу Дамирбектин ишин тергөөгө кийлигишпейт

974

Жогорку Кеңеш жана анын төрагасы Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин тергөөгө кийлигишпейт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди. Анын айтымында, бул Жогорку Кеңештин ишмердиги менен байланышы жок иш жана регламент боюнча депутаттын айыбы далилденсе, өзү жооп берет.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстандагы ири масштабдуу атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны менен кошо дагы 2 кыргызстандык кармалып, алар контрабандага шектелишүүдө.

Окуянын чоо-жайы боюнча Кыргызстан Казакстанга нота жиберип, анын жообу кечээ келген. Анда кошуна өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык депутат кармалганын ырастаган. Ошондой эле, Алматынын соту кыргызстандык жарандарды 2 айга тергөө абагына камаганы да белгилүү болду.