Жогорку Кеңеш Бабановдун кылмыш ишине баа бериши керек! (видео)

700

Өмүрбек Бабанов боюнча маселеге Жогорку Кеңеш жана тергөө органдары чекит коюшу керек. Мындай пикирин анын парламенттеги тарапташтары гана эмес, мурдагы каршылаштары дагы айтышууда. Алар буга Алмазбек Атамбаевдин маегинде Өмүрбек Бабановго кылмыш иши саясий негиз менен козголонун айтуусу толук негиз болгонун жүйө катары келтиришүүдө.

Ошондой эле, бир катар саясий ишмерлер да, чечүүчү учурда парламент өз пикирин так билдирүүсү керек деген ойдо. Себеби учурдагы абалды Бабановдун шайлоочулары баамдап, окуя кандай жагына өзгөрөөрүн күтүп турат, дешет алар.