Жогорку Кеңеш быйыл кандай иштери менен эсте калды? (видео)

954

Бул жылы парламенттин курамында өзгөрүүлөр болуп, 3 эл өкүлү өз ыктыяры менен мандаттарын тапшырып, дагы 4 парламент мүчөсүн Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратты. Дагы 4 эл өкүлү ар кандай мамлекетик кызматтарга которулуп, 2 депутат мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ошондой эле, быйыл Кыргыз парламенти 80 жылдыгын белгиледи. Мааракелик иш-чарага өлкө жетекчилери, учурдагы жана мурдагы депутаттар, ошондоу эле төрагалар катышты. Мындан тышкары, Жогорку Кеңеште уялчаак жана шайлоочулары тааныбай калганына кейиген эл өкүлдөрү пайда болуп, өз билдирүүлөрү менен коомчулуктун сынына кабылды.