Жогорку Кеңеш Дайыр Кенекеевди вице-премьерликке жактырды

774

Парламент Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин вице-премьер-министрлик кызматка жактырды. Ал буга чейин реалдуу сектор, инфраструктуралык жана аймактык өнүгүү тармагын тескеген Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келери белгиленип жаткан. Зилалиев болсо, 7-октябрда жол кырсыгынан улам көзү өтүп кеткен Темир Жумакадыровдун ордуна бармак.

Бирок бүгүн Кенекеев кайсы тармак үчүн жооптуу болору кызматка бекигенден кийин аныкталары айтылды. Дайыр Кенекеев буга чейин өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келген.

Депутаттардын пикиринде, жаш жетекчилер элге үлгү болгудай иштеши керек. Болбосо айрымдары келген күндөн тарта эле, бир топ жаңжалдарга кабылып жатышат, дешти эл өкүлдөрү.