Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат

967

Жогорку Кеңеш Бишкек жылуулук электр борбору боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулай баштады.

Эске салсак, бул комиссия Бишкек ТЭЦиндеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чыгымдалышын 3 айдан ашуун убакыт иликтеп, анын жыйынтыгын 2 күн мурда чыгарган.

Ал документте «Кытайдан кредит алууда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана ага кол койду» деген жетекчилердин ишине укуктук баа берүү сунушталып, тиешелүү тизмеге 30дан ашуун адам кирген.

Алардын арасында, айрым мурдагы премьер-министрлер, тиешелүү мекеме жетекчилери жана Тибиэй компаниясынын чакыруусу менен Кытайга барып келген бешинчи чакырылыштын бир нече депутаты да бар.