Жогорку Кеңеш: «Коопсуз шаар» долбоору боюнча эмне иштер жасалды?

1121

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча эмне иштер жасалып жатканы боюнча өкмөт парламентке маалымат бериши керек. Мындай талапты бүгүн Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары айтып чыгышты. Буга акыркы 5 күн аралыгында эле, жол кырсыктарында каза тапкандардын саны 30га жакындаганы себеп болду.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргызстан Азия чөлкөмүндө жол коопсуздугу боюнча программаны ишке ашыра албай жаткан жалгыз өлкө бойдон калууда. Эске салсак, кечээги отурумда эле айрым депутаттар 2018-жылдагы республикалык бюджетте “Коопсуз шаар” программасына жол коопсуздугун алдын алуу үчүн видеокамераларды орнотууга каражат каралбаганын айтып чыгышкан.

Ал арада Бишкек шаарында эле жол кырсыктарынын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 81 пайызга өсүп кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Патрулдук милиция башка башкармалыгынын башчысы Ыманалы Саркулов билдирди.

Акыркы 9 айда болбор калаада 1 миң 840 жол кырсыгы катталып, 57 адам курман болгон. Ал эми жалпысынан Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгында набыт болгондордун саны 700 адамга чукулдап, 7 миңге жакын киши ар кандай жараткаттарды алган.