Жогорку Кеңеш КР менен Өзбекстан ортосундагы чек ара келишимин ратификациялады

775

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара келишимин экинчи жана үчүнчү окууда ратификациялады. Документке отурумда катталган 97 депутат «макул» деген добушун берди. Белгилей кетсек, бул маселе өткөн аптада биринчи окууда жабык жыйында каралып, көпчүлүктүн добушу менен өткөн.

Эми Алмазбек Атамбаевдин октябрдын башында Ташкентке боло турган сапарында бул келишимге эки мамлекеттин башчыларынын кол коюусу күтүлүүдө. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Ал документте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1378 чакырым чек аранын 1170и же башкача айтканда, 85 пайызы такталганы белгиленген. Калган 208 чакырым же 15 пайызы боюнча эки тараптуу комиссия отурумдарды өткөрүшүүдө.