Жогорку Кеңеш күздө таркайбы? (видео)

1007

Жогорку Кеңеш өз ишин баштады. Кезектеги сессиянын расмий ачылышына 120 депутаттын баары келбесе да, жарымынан көбү катышты. Жалпы жыйын мамлекеттик гимн менен башталып, отурум 15 мүнөткө гана созулду. Андан соң эл өкүлдөрү өздөрүнө тиешелүү тармактык комитеттерде иш алып барышты.

Депутаттардын айтымында, алдыда бир катар маанилүү мыйзам долбоорлорду, маселелерди кароо турат. Алардын бири келерки жылы боло турган парламенттик шайлоого даярдык.