Жогорку Кеңеш мигранттарды алып келиш үчүн өкмөткө бир жума мөөнөт берди

6112

Жогорку Кеңеш чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды кайтаруу маселесин чечүүгө өкмөткө бир жума убакыт берди. Бул тууралуу парламент 15-апрелдеги отурумда кабыл алган токтомдо айтылат.

Ошондой эле токтомдо өкмөткө чет мамлекеттерде калган кыргызстандык жарандарга жардам берүү, алардын укуктарын коргоонун үстүндө иштөө тапшырылды. Пандемияга байланыштуу чет жакта калууга аргасыз болуп жаткан кыргызстандыктарды колдош үчүн бюджеттен акча бөлүү милдеттендирилди. Аткарылган иштер тууралуу өкмөт ар бейшембиде парламентке келип маалымат берүүгө тийиш.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, 15-апрелге карата чет мамлекеттерден Кыргызстандын 4371 жараны келе албай жатат. Февраль айынан бери сыртта жүргөн 6 000 кыргызстандык жаран өкмөттүн күчү менен алынып келген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.