Жогорку Кеңеш мокодубу? (видео)

797

Өлкөдөгү орчундуу маселелерди алып чыгууда парламент алсыз болууда. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева парламенттеги кесиптештерине катуу сын айтты.

«Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал боюнча нараазычылыктар интернет колдонуучулары же журналисттер тарабынан айтылып, кызуу талкууланганда гана депутаттар реакция кылып жатат», — дейт вице-спикер. Эл шайлаган депутаттардын мокошунун себеби эмнеде?