Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда тарайбы? (видео)

1569

Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу саясий кызыкчылыктардан улам гана болушу мүмкүн. Мындай пикирлерин талдоочулар айтышууда. Акыркы убакта, Жогорку Кеңештин депутаттары жазга жакын таркатылышы ыктымал деген сөздөр тарай баштады. Бирок эмне себептен мөөнөтүнөн мурда кетет деген суроого так жооп жок. Алсак, мыйзам боюнча парламент өзүн-өзү тарката алат же өкмөткө ишеним көрсөтпөй койсо, президент кийилигишип бир тараптын пайдасына чечим кабыл алат. Азырынча, абалдын ушундай нукка бурулушуна шарт түзүлгөн жок, дешет эксперттер. Эл өкүлдөрү өздөрү деле мөөнөтүнөн мурда таркап кетүүнү каалашпайт.