Жогорку Кеңеш ноябрга чейин иштейби? (видео)

3400

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы ноябрга чейин иштеши мүмкүн. Мындай божомолдору менен депутаттар бөлүшүүдө. Анткени парламенттик шайлоо октябрда болсо, расмий жыйынтыгы чыкканга чейин дагы бир айдай убакыт кетет. Ошол эле учурда парламенттин курамы барган сайын жаңыланууда.

Бирок эл өкүлдөрүнүн арасында Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келип жатканына каршы чыккандар бар. Айтымдарында, октябрда алтынчы чакырылыштын ыйгарым укуктары жарым жылга узартылып жатканда, ошол убактагы курам тууралуу гана сөз болгон.